Курьер чыгууга телефонду жана кубат запасын кантип даярдайт

Жарыяланды: 3 мүнөт окуу

Телефон отуруп калды — курьер картасыз, буйрутмасыз жана колдоо кызматы менен байланышсыз калат. Ошондуктан кубат запасын слоттун узактыгы менен бирге пландашат, экранда 5% калганда эстешпейт.

Өз сарпыңызды билиңиз

Эки-үч кадимки чыгууда кубатты башында, ортосунда жана аягында жазып туруңуз. Слот канчага созулганын жана батареяны эмне көбүрөөк отургузганын белгилеңиз: карта, чалуулар, күндүн нурунда жаркыраган экран. Бир нече сменадан кийин так сиздин телефонуңуз канча саатка жетерин түшүнөсүз.

Бир ийгиликтүү смена — али эреже эмес. Суукта жана ысыкта батарея башкача иштейт, ал эми эски аккумулятор экрандагы пайыз убада кылгандан тезирээк отурат.

Топтомду чогултуп, үйдө текшериңиз

  • Телефонду өзүңүз менен ала турган кабель менен пауэрбанкка туташтырып, кубаттоо жүрүп жатканына ишениңиз.
  • Туташтыргычты кыймылдатып көрүңүз: кабель жеңил кыймылдан чыгып кетпеши керек.
  • Бузулган кабелди же көөп кеткен аккумуляторду өзүңүз менен албаңыз.
  • Пауэрбанкты кечинде эле телефон менен бирге кубаттоого коюңуз.

Пауэрбанктын кутусундагы цифра ал телефонуңузду канча жолу кубаттарын айтпайт. Муну иш жүзүндө гана билсе болот.

Телефонду жана аккумуляторду кайда кармоо керек

Термосумкада бул үчүн молниясы бар капталдагы чөнтөк бөлүнгөн — телефон, документтер жана майда нерселер үчүн. Буйрутма турган негизги бөлүмгө жеке буюмдарды салууга болбойт. Велосипедде зым дөңгөлөктүн жана чынжырдын жанында салаңдабашы керек, ал эми аны туташтыруу жана оңдоо токтогондо гана болот.

Яндекс Байк электровелосипединде телефонду кубаттоо үчүн порттор бар, ошондуктан аны менен пауэрбанк сейрек керек болот. Байкты Бишкек менен Ошто ижарага алса болот — кеңири Яндекс Байк тууралуу материалда.

Жумушка зыян келтирбей кубатты үнөмдөңүз

  • Слоттун алдында ашыкча колдонмолорду жана оюндарды жабыңыз.
  • Экран деле жакшы көрүнгөн жерде жарыкты азайтыңыз.
  • Геолокацияны жана интернетти өчүрбөңүз: аларсыз буйрутмалар келбейт.

Бүтүрө турган чек

Кубат канчага түшкөндө жаңы буйрутмаларды алууну токтото турганыңызды алдын ала чечиңиз. Колуңузда буйрутма жок болсо, эркин слотту каалаган убакта жабууга уруксат. Бирок ачык слотто колдонмону жөн эле жыйып коюу же тармактан жоголуп кетүү — жаман ой: ушинтип «минималкасыз» калышыңыз мүмкүн.

Телефон буйрутмада отуруп баратса

Байланыш барда буйрутманын карточкасынан колдоо кызматынын чатын ачып, кайда экениңизди, буйрутма кайсы этапта экенин жана канча кубат калганын жазыңыз. Активдүү буйрутмада колдоо кызматы сизге чалышы мүмкүн, чала албаса, бул 850 сом кармап калуу. Батарея түгөнүп баратса да, «Передал заказ» баскычын кардар пакетти алгандан кийин гана басыңыз. Колдонмодогу башка мүчүлүштүктөр «Колдонмодо буйрутмалар жок» постунда талданган.

Көп берилүүчү суроолор

Каалаган кубатталган пауэрбанк жетиштүүбү?

Дайыма эле эмес. Ал телефонуңузду так өзүңүз ала турган кабель менен кубаттарын үйдө текшериңиз.

Кубат аз калганы үчүн слотту бүтүрсөм болобу?

Эркинин — ооба, активдүү буйрутма жок кезде. Пландуу слот үчүн кубатты алдын ала эсептеңиз: андан эрте кетүү — графикти бузуу.

Телефон отуруп калганга чейин буйрутманы берилди деп алдын ала белгилесем болобу?

Жок. Статус бергенден кийин гана басылат. Телефон отуруп баратса, колдоо кызматын эскертиңиз.

Толук маалымат

Курьер-өнөктөш болуп иштегиңиз келеби?

Яндекс Go'догу Тамак-аш сервисине катталыңыз — ыңгайлуу убакта иштеңиз.

Курьер болуу

Блогдогу бардык макалалар