Тиркемеде буйрутма жок: курьер эмнени текшериши керек

Жарыяланды: 3 мүнөт окуу

Слот ачык, бирок буйрутма жок — бул дайыма эле тиркеменин бузулганы же бөгөттөлгөнү эмес. Тизме боюнча текшерип чыгыңыз: себептердин көбү бир-эки мүнөттө көрүнөт. Баарын коопсуз жерге токтоп алып текшериңиз.

1. Слот ачыкпы

Буйрутмалар ачык слотто гана келет. Эркин слот «Начать свободный слот» баскычы менен күйгүзүлөт. Пландуу слотту тандалган локациянын старт чекитинде иштетүү керек: келип, бирок стартты баспасаңыз, буйрутма болбойт.

2. Жетүү чектелген эмеспи

Профиль → Диагностика бөлүмүн ачыңыз. Буйрутмаларга жетүү жабылган болсо, ал жерде эмне болгону жана аны кантип оңдоо керектиги жазылат. Адатта чектөөлөр стандарттарды бузуудан улам пайда болот — алар «Качество» бөлүмүндө көрүнөт (толугураак «Качество» бөлүмү тууралуу макалада). Нускама түшүнүксүз болсо, колдоого жазыңыз: Профиль → Поддержка → «Мой статус, телефон, тип передвижения».

3. Фотоконтроль өтүлдүбү

Фотоконтроль тууралуу билдирме келип, сиз аны кийинкиге калтырсаңыз, буйрутмалар келбей калышы мүмкүн. Активдүү буйрутма жок болоор замат текшерүүдөн өтүңүз.

4. Накта буйрутмалар үчүн баланста акча барбы

Кыргызстанда кардарлардын көпчүлүгү накта төлөшөт. Система мындай буйрутмаларды сунуштап турушу үчүн «О!Деньги» балансында акча болушу керек — 4 500 сомдон кем эмес кармоо сунушталат. Акча жетишпесе, сервис ишеним лимитин — буйрутманы сатып алууга аванс бериши мүмкүн, бирок ага гана таянбаңыз. Толугураак — накта төлөнүүчү буйрутмалар тууралуу макалада.

5. Интернет жана геолокация

  • Мобилдик интернет иштеп жатканын жана Яндекс Прого геолокацияга уруксат берилгенин текшериңиз.
  • Картадагы чекитиңиз сиз турган жерге дал келээрин караңыз.
  • Жайгашкан жерди алмаштыруучу программаларды орнотпоңуз: система муну байкайт, алмаштырганы үчүн «минималкадан» ажыратып, буйрутмаларга жетүүнү чектешет.

6. Тиркеме мүчүлүштүк кылып жатабы

Яндекс Про узак ачылса, карта жаңыланбаса же каталар чыга берсе, телефондун жөндөөлөрүнөн тиркеменин кэшин тазалоо көп учурда жардам берет. Муну активдүү буйрутмаңыз жок кезде гана кылыңыз.

7. Жөн эле буйрутма аз

Жогорудагынын баары туура болсо, балким, азыр зонаңызда тынч. Суроо-талап картасын караңыз: коэффициент жогору жерде адатта буйрутма көбүрөөк. Бирок бүт шаарды аралап чуркабаңыз — жеткиче абал өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Колдоого качан жазуу керек

Баарын текшерип, бирок буйрутма көпкө чейин келбесе, Профиль → Поддержка аркылуу жазыңыз. Бир билдирүүдө слот качантан бери ачык экенин, кайда турганыңызды, эмнени текшергениңизди жана кандай билдирмелерди көргөнүңүздү көрсөтүңүз. Мындай билдирүүгө «менде буйрутма жок» дегенге караганда тезирээк жооп беришет.

Көп берилүүчү суроолор

Тиркемени өчүрүп, кайра күйгүзүү жардам береби?

Тиркеме мүчүлүштүк кылып жатса, кэшти тазалоо жардам бериши мүмкүн. Бирок себеп жетүүнүн чектелишинде, фотоконтролдо же баланста болсо, кайра иштетүү эч нерсени өзгөртпөйт — «Диагностика» бөлүмүн караңыз.

Эмне үчүн кесиптешиме буйрутмалар келип, мага келбейт?

Себептер ар кандай болот: жетүүнүн чектелиши, өтүлбөгөн фотоконтроль, накта буйрутмалар үчүн бош баланс же картадагы башка жер. Макаладагы тизмени ирети менен текшерип чыгыңыз.

Буйрутмасы көп зонага түшүү үчүн геолокацияны алмаштырса болобу?

Жок. Система алмаштырууну байкайт, ал үчүн «минималкадан» ажыратып, буйрутмаларга жетүүнү чектешет.

Толук маалымат

Курьер-өнөктөш болуп иштегиңиз келеби?

Яндекс Go'догу Тамак-аш сервисине катталыңыз — ыңгайлуу убакта иштеңиз.

Курьер болуу

Блогдогу бардык макалалар