Тарифтер, документтер, термосумка, төлөмдөр — баары бир жерде
Толук маалымат: киреше эмнеден түзүлөт, термосумканын эрежелери, каттоо үчүн документтер, төлөм графиги, Яндекс Байк электр велосипеддерин ижарага алуу жана иштөөгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси.
Киреше эмнеден түзүлөт
Киреше шаарга, транспортко, сменалардын санына жана активдүүлүгүңүзгө жараша. Ар бир буйрутманын төлөмү негизги ставкадан, аралык үчүн кошумча төлөмдөн жана жүктөмдүү сааттарда жогорулаган суроо-талап коэффициентинен турат.
Кошумча бонустар да кошулат: жаман аба ырайында жеткирүү үчүн бонус, пик сааттарда жогорулатылган тариф, алыскы буйрутмалар үчүн кошумча төлөм жана кардарлардан тиркеме аркылуу чайпул. Так кирешени шаарыңызга жана графигиңизге жараша сайттагы калькулятордон эсептесеңиз болот.
Термосумка жана депозит
Бишкекте курьердик борбордо термосумка депозитсиз берилет. Ош, Манас жана Караколдо термосумка берилгенде депозит төлөнөт — жеринде карта менен же QR-код боюнча.
| Шаар | Депозит | Кайтаруу (70%) |
|---|---|---|
| Бишкек | депозитсиз | — |
| Ош | 750 сом | 525 сом |
| Манас | 750 сом | 525 сом |
| Каракол | 750 сом | 525 сом |
Ишти аяктаганда термосумканы шаарыңыздагы курьердик борборго сөзсүз тапшыруу керек — болбосо депозит кайтарылбайт.
Офисте тариздөө үчүн документтер
Курьердик борбордо каттоо 15–20 мүнөт алат. Документтердин бир вариантын ала келиңиз.
Кыргызстандын ID-картасы
Физикалык пластик документ + келишимге кол коюу үчүн орнотулган «Түндүк» тиркемеси.
Чет өлкөгө чыгуучу паспорт
ID-картанын альтернативасы. Ошондой эле «Түндүк» тиркемеси керек болот.
«О!Деньги» тиркемеси
Сиздин номериңизге орнотулуп, активдештирилген. Бул апта сайынкы төлөмдөрдүн дареги.
Төлөмдөр
Курьер-өнөктөштүн кирешеси ар бейшемби күнү комиссиясыз О!Деньгиге же банк картасына түшөт — өткөн толук иш аптасы үчүн. Мындан тышкары, Бишкекте Яндекс.Продон Namba One тиркемеси аркылуу тез арада акча чыгаруу ишке кирди (чыгарууда 1% комиссия кармалат; Ош жана Манаста кийинки аптада ишке кирет):
- Namba One тиркемесин (Android же iOS) жүктөп, онлайн-идентификациядан өтүңүз (кыйынчылык болсо Namba One кеңсесине кайрылыңыз: Раззаков көч., 32, 5-кабат, иш убактысында).
- Башкы беттен «PRO баланс» → аккаунт кошуу бөлүмүн ачып, Я.Продогу КСиңизди (Центр-1, Шеринг Мобилити, Партнер Яндекс Такси Жалал-Абад), телефон номериңизди жана СМС-кодду киргизиңиз.
- Namba One тиркемесине каалаган картаңызды же капчыгыңызды байлаңыз. Эгер 1% комиссия төлөгүңүз келбесе, ар бейшемби күнкү комиссиясыз стандарттуу төлөмдөрдө кала берсеңиз болот.
Накталай буйрутмалар менен иштөө
Кыргызстанда кардарлардын көбү накталай төлөйт. Максимум буйрутма алып, көбүрөөк табуу үчүн — О!Деньгиде ылайыктуу баланс жана майда купюралар менен кайтарым акча кармаңыз.
Сунушталган суммалар
- О!Деньги балансында: 4 500 сомдон — 5 накталай буйрутмага алдыртан жетет.
- Чөнтөктө майда купюралар менен накталай: 2 000 сомдон — кардарларга кайтарым үчүн.
О!Деньги тиркемеси же жакынкы терминал аркылуу балансты дайыма толуктап туруңуз.
Яндекс Байк электр велосипедин ижарага алуу — Бишкек жана Ош
Заманбап электровелосипед: жүрүү аралыгы 80 кмге чейин, термосумка үчүн ыңгайлуу багажниги жана телефонду заряддоо үчүн USB-порту бар. Базалык топтомго: Яндекс.Байк, батарея жана заряддоочу түзүлүш кирет. Ижара түз Яндекс Продо («Транспортту ижарага алуу» → «Велосипедди ижарага алуу») таризделет — берүү чекитинин так дареги жана иш убактысы ошол жерде дароо көрсөтүлөт.
Ижара шарттары жана тарифтери
- Жеңил старт: биринчи апталык ижара үчүн карта менен дароо болгону 100 сом төлөнөт.
- Активдүүлүк шарты (аптасына 90+ буйрутма): ижара акысы болгону аптасына 100 сом (Бишкекте жана Ошто).
- Аптасына 90дон аз буйрутма аткарылганда:
- Бишкекте — аптасына 4 000 сом;
- Ошто — аптасына 3 500 сом.
- Кошумча батарея (каалоо боюнча): аптасына 700 сом (дароо төлөнөт, кийин төлөө каралган эмес).
Курьерге белек
Яндекс.Байкта 8 аптадан ашык активдүү жеткирүү кылган курьер фирмалык бренди бар велокрагалар 🧤 же велошлем 🪖 белекке алат.
Бардык шарттар түшүнүктүү — баштоого даярсызбы?
Анкетаны 5 мүнөттө толтуруңуз — диспетчер иш күнү ичинде сиз менен байланышат.