Кыргызстанда кантип курьер болсо болот: арыздан биринчи буйрутмага чейин

Жарыяланды: 3 мүнөт окуу

Чечим кабыл алгандан биринчи буйрутмага чейин — беш кадам: талаптарды текшерүү, шаар менен транспортту тандоо, телефонду даярдоо, анкетаны толтуруу жана курьердик борборго баруу. Курьерлер Бишкекте, Ошто, Манаста (мурдагы Жалал-Абад) жана Караколдо кабыл алынат.

1. Талаптарды текшериңиз

  • Жашы — 18ден 65ке чейин. Жөө, велосипед жана мотоцикл менен — 55 жашка чейин, унаа менен — 65ке чейин.
  • Документ — Кыргызстандын физикалык ID картасы же чет элдик паспорт.
  • Унаа — буйрутмаларды аны менен ташыгыңыз келсе, жеке менчик болушу керек.

Башка өлкөлөрдүн жарандарына кошумча документтер керек — алар «Иштөө үчүн өлкөлөр» баракчасында саналып көрсөтүлгөн.

2. Шаар менен транспортту тандаңыз

Анкетаны жеткире турган шаарыңызга толтуруңуз: ар бир шаардын өз курьердик борбору жана өз тарифтери бар. Шаарлардын баракчалары: Бишкек, Ош, Манас, Каракол.

Буйрутмаларды жөө, велосипед, мотоцикл же жеке унаа менен жеткирсе болот. Тариздөөгө чейин транспорт сатып алуунун кереги жок: жөө баштап, чечимди кийин кабыл алыңыз. Бишкек менен Ошто Яндекс Байк электр велосипедин ижарага алса болот.

3. Телефонду даярдаңыз

Барганга чейин өз номериңизге эки тиркеме орнотуңуз:

  • «Түндүк» — ал аркылуу договорго кол коюлат;
  • «О!Деньги» — төлөмдөр ушул жакка келет.

Телефонду кубаттап, мобилдик интернетти текшериңиз: иштөөчү Яндекс Про тиркемесин борбордо туташтырышат.

4. Анкетаны толтуруңуз

Анкета сайттагы «Курьер болуу» баскычы менен ачылат. Аягында курьердик борбордун дарегин, баруу күнүн жана убактысын көрөсүз. Скриншот алып коюңуз: борбордо жазылуусуз кабыл алышпайт.

5. Курьердик борборго барыңыз

Тариздөө 15–20 мүнөткө созулат. Борбордо сиз:

  • «Түндүк» аркылуу договорго кол коёсуз;
  • термосумка аласыз: Бишкекте — депозитсиз, Ош, Манас жана Караколдо — 750 сом депозит менен (сумканы тапшырганда 525 сом, башкача айтканда 70% кайтарылат);
  • Яндекс Прону туташтырасыз.

Андан кийин буйрутмаларга чыксаңыз болот — ошол эле күнү да.

Биринчи чыгуу

Баштоо үчүн эркин слот ыңгайлуу: аны каалаган убакта жана каалаган жерде ачасыз, ал кеминде бир саатка созулат жана анын ичинде жок дегенде бир буйрутма аткаруу керек. Анын пландуу слоттон айырмасы слоттор жана буйрутмалар тууралуу макалада талданган.

Алгачкы буйрутмаларда ылдамдыкты кубалабаңыз. Ресторанда буйрутманын номерин салыштырганды, кардардын комментарийин окуганды жана статустарды аракет чындап болгондо гана басканды үйрөнүү маанилүүрөөк.

Акча качан келет

Төлөмдөр ар бейшемби күнү өткөн апта үчүн «О!Деньги» эсебине же банк картасына келет. Биринчиси адатта биринчи буйрутмадан болжол менен эки аптадан кийин келет. 2% салыкты сервис өзү кармайт, салык кызматына баруунун кереги жок. Биринчи төлөм эмне үчүн кечигет — төлөмдөр жана отчёттор тууралуу макалада.

Эмнеден сак болуу керек

  • Анкетаны кокус билдирүүлөрдөгү формалардан эмес, сайтта гана толтуруңуз.
  • «Тез тариздөө» же «кепилденген орун» үчүн акча төлөбөңүз.
  • СМСтеги коддорду жана Яндекс Прого кирүү маалыматтарын эч кимге айтпаңыз.

Көп берилүүчү суроолор

Велосипедди дароо сатып алыш керекпи?

Жок. Жөө баштасаңыз болот, ал эми транспортту графигиңизди түшүнгөндө тандайсыз. Бишкек менен Ошто Яндекс Байк электр велосипедин ижарага алса болот.

Курьердик борборго жазылуусуз келсе болобу?

Жок. Баруунун дареги, күнү жана убактысы анкетанын аягында чыгат — так ошол убакта келиңиз.

Барган күнү эле иштеп баштаса болобу?

Ооба, кайрылган күнү эле баштаса болот: тариздеп, Яндекс Прону туташтыргандан кийин слот ачсаңыз болот.

Толук маалымат

Курьер-өнөктөш болуп иштегиңиз келеби?

Яндекс Go'догу Тамак-аш сервисине катталыңыз — ыңгайлуу убакта иштеңиз.

Курьер болуу