Биринчи аптанын максаты — жеткирүү сизге ылайык келеби, түшүнүү: убакыт, күч жана чыгым жагынан. Төмөндө — күн боюнча жеке план. Бул сервистин милдеттүү программасы эмес, жети күндүн баарында чыгуунун кереги жок: күндөрдү өз графигиңизге жараша жылдырса болот.
1-күн. Тариздөө жана баштапкы шарттар
Анкетаны толтуруп, белгиленген убакта борборго келиңиз. Ал жерде «Түндүк» аркылуу келишимге кол коёсуз, термосумка жана Яндекс Прого кирүү мүмкүнчүлүгүн аласыз. Колдонмону биринчи ачканыңызда ал документтин сүрөтүн жана ошол документти кармап турган селфиңизди сурайт. Текшерүү адатта он беш мүнөттөй, кээде бир суткага чейин созулат.
Кечинде үч суроого жооп жазып коюңуз: аптасына жеткирүүгө канча саат бөлүүгө даярсыз, кандай чыгымдар сиз үчүн алгылыктуу жана үйдө саат канчада болушуңуз керек. Аптаны дал ушулар боюнча баалайсыз.
2-күн. Кыска биринчи чыгуу
Үйүңүздөн алыс эмес жерде бир-эки саатка эркин слот ачыңыз. Максат — буйрутманын толук циклинен өтүү: кабыл алуу, «Прибыл в ресторан» белгилөө, номерди салыштыруу, «Забрал заказ» басуу, кардарга берүү жана ошондон кийин гана — «Передал заказ». Ылдамдык азыр маанилүү эмес.
3-күн. Талдоо
Күндүк отчётту ачыңыз — ал слот жабылгандан кийин түзүлөт: анда буйрутмалардын саны, эсептешүүлөр жана чайпулдар бар. «Качество» бөлүмүн караңыз: бир нерсени бузсаңыз, ал жерде кыска окутуу болот. Эки-үч кыйынчылыкты жазып, биринчи оңдой турган бирөөнү тандаңыз. Тааныш эмес сөздөрдү курьердин сөздүгүнөн издеңиз.
4–5-күндөр. Кайталоо жана бир өзгөртүү
Салыштырууга болушу үчүн окшош убакта жана ошол эле чекиттен чыгыңыз. Андан кийин бир гана нерсени — убакытты же старт ордун өзгөртүңүз. Көнүп калсаңыз, пландуу слотторду караңыз: кийинки аптанын графиги ишемби сайын коюлат, ал эми коюу убактысы — шаардын Telegram-каналында. Пландуу слоттон колдонмо аркылуу мурунку күнү саат 12:00гө чейин гана баш тартса болот.
6-күн. Акча
Чыгымдарды эсептеңиз: жол, байланыш, транспорт. Накта төлөнгөн буйрутмаларды алсаңыз, «О!Деньги» балансында жумушчу запас керек — 4 500 сомдон кем эмес болушу сунушталат. Бул чыгым да, киреше да эмес: акча кардарлардан кайра келет. Биринчи апта үчүн акча азырынча болбойт, бул кадимки көрүнүш: эсептик апта дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин созулат, отчёт шаршембиде, ал эми которуу бейшемби күнү келет, ошондуктан биринчи акча иш баштагандан эки аптадай кийин келет.
7-күн. Чечим
Аптаны биринчи күнкү жазууларыңыз менен салыштырыңыз: жол менен кошо канча саат кетти, кандай чыгымдар болду, канчалык ыңгайлуу болду. Үч вариант бар:
- ошол эле режимде улантуу;
- убакыт терезесин, старт чекитин же транспортту өзгөртүү;
- токтотуу.
Бүтүрүүнү чечсеңиз, келечектеги пландуу слоттордун баарын алып салыңыз, ал эми сумка менен форманы өз шаарыңыздагы борборго кайтарыңыз — тартиби ишти бүтүрүү боюнча нускамада жазылган.