Курьер үчүн телефон — жумуш куралы: ал аркылуу буйрутмалар келет, фотоконтролдон өтүлөт, маршрут түзүлөт жана колдоо кызматы менен байланыш жүрөт. Бирок жаңысын издеп чуркоонун кереги жок. Адегенде колуңуздагысын төмөндөгү тизме боюнча текшериңиз.
Кандай колдонмолор керек болот
- Яндекс Про — буйрутмалар, слоттор, колдоо кызматы. Аны курьердик борбордо туташтырышат.
- «Түндүк» — келишимге кол коюу үчүн.
- «О!Деньги» — төлөмдөр үчүн, сиздин номериңизге иштетилет.
Курьердик тариф менен самокаттарды минүүнү пландасаңыз, дагы Яндекс Go керек болот, анын үстүнө ага Яндекс Про иштеген номерден кирүү керек. Мунун баарына жана жаңыртууларга эс тутум жетеби, текшериңиз. Телефонго талаптарды курьердик борбордон тактаңыз: алар өзгөрүп турат, ал эми тааныштардын кеңештери тез эскирет.
Камера жана фотоконтроль
Биринчи жолу Яндекс Про документтин сүрөттөрүн жана аны кармап турган сүрөтүңүздү, андан ары — мезгил-мезгили менен селфи жана термосумканын сүрөтүн сурайт. Алдыңкы камераны текшериңиз:
- кадимки жарыкта сүрөт так чыгат;
- жүз толугу менен кадрга кирет;
- сүрөт жарк этмесиз чыгат — аны менен текшерүүдөн өтүүгө болбойт.
Жандуу сүрөттөр гана кабыл алынат, скриншоттор жарабайт. Сүрөттөргө бардык талаптар — фотоконтролдун талдоосунда.
Геолокация жана интернет
Геолокацияны күйгүзүп, картаны ачып туруп кадимки маршрутуңуз менен басып көрүңүз. Картадагы белги сиз турган жерде турушу керек. Телефон короолордо «адашып» калса же тармакты узак издесе, буйрутмалар кечигип келет. Жайгашкан жерди алмаштыруучу программаларды орнотпоңуз: система муну байкайт, буйрутмаларга кирүү чектелет.
Үн жана экран
Жаңы буйрутма тууралуу сигнал көчөдө, чөнтөктөн жана ызы-чуу ресторанда угулушу керек. Аны көп өткөрүп жиберсеңиз, автоматтык кабыл алууну күйгүзүңүз: Яндекс Про → «Профиль» → «Автопринятие заказов». Экранды күндүн нурунда текшериңиз: дарек жана кардардын комментарийи кыйналбай окулабы. Шрифтти жана үндүн катуулугун жолдо эмес, үйдө жөндөңүз.
Башка телефон качан керек
Конкреттүү көйгөй болсо, алмаштыруу жүйөлүү:
- Яндекс Про орнотулбайт же улам өчүп калат, ал эми кэшти тазалоо жардам бербейт;
- алдыңкы камера так селфи тартпайт;
- геолокация дайыма адашат;
- батарея көөп кеткен же телефон өзүнөн өзү өчүп калат.
Жеткирүүдө кереги жок кымбат функциялар үчүн эмес, ушул милдет үчүн сатып алыңыз. Төлөөдөн мурун жаңы телефонго бардык керектүү колдонмолор орнотуларына ишениңиз.
Аккаунттун коопсуздугу
Телефонду тааныш эмес «жардамчыларга» жөндөп берсин деп бербеңиз жана СМСтеги коддорду айтып бербеңиз. Яндекс Продогу аккаунт жеке: аны башка адамга бергени үчүн буйрутмаларга кирүүнү чектешет. Алдамчылардын айлаларына кантип түшпөө керектиги вакансияларды текшерүү тууралуу постто айтылат.