Электровелосипед — Бишкекте курьердик жеткирүү үчүн эң ыңгайлуу транспорт: унаа тыгынында турбайсыз, өйдө жерлерге чарчабай чыгасыз жана жөө курьерге караганда эки эсе көп буйрутма жеткиресиз. Фирмалык Яндекс Байктан тышкары, Бишкектеги өнөктөш компаниялар «Яндекс Go Тамак» курьер-өнөктөштөрү үчүн промокод менен арзандатууларды беришет.
Бишкектеги өнөктөштөрдүн шарттары
1. «Крути колёса»
- Күрөөсүз берилет;
- Баасы: биринчи жума — 3 000 сом, 2–4-апталар — 3 500 сомдон, 5-аптадан баштап — 4 500 сом;
- Бошогон аккумуляторду толтура заряддалганга өнөктөштүн чекитинен акысыз алмаштырып турушат;
- Минималдуу мөөнөт — 1 апта.
2. «Blue Drive»
- Бир заряд менен 65 км жүрүүчү Monster кубаттуу электровелосипеди;
- Батареяны күтпөй, тейлөө чекитинен дароо алмаштырып кетүү мүмкүнчүлүгү;
- Баасы — суткасына 450 сом; күрөө — 2 000 сом (паспорт же айдоочулук күбөлүк керек).
3. «Express Go» — кийин өзүңүзгө калуучу ижара
Электробайкты биротоло өзүңүзгө сатып алууну каалагандар үчүн мыкты чечим. Эки батареялуу (ар бири 60–80 км жүрөт) POLARNA M5 модели берилет:
- Баасы: күнүнө 500 сом (күн сайын же жума сайын төлөөгө болот);
- Күрөө: башында 3 000 сом жана 10 күн ичинде топтолуучу 2 000 сом;
- 8 ай ижара акысын төлөгөндөн кийин электровелосипед толугу менен курьердин өз менчигине өтөт!
4. «На Мопеде» бөлүп төлөө
Жаңы «Самурай» электровелосипедин алгачкы төгүмсүз бөлүп төлөөгө алуу: 12 айга ай сайын 8 900 сомдон. Белекке дароо бекем шлем берилет.
Чекиттердин дарегин жана арзандатууну кайдан аласыз
Өнөктөш прокат чекиттеринин так даректери, байланыштары жана промокод активдүү курьерлерге Яндекс Про тиркемесинде жеткиликтүү. Жеңилдиктерди колдонуу үчүн адегенде «Курьер болуу» баскычын басып катталып, профилиңизди активдештириңиз.