Кыргызстанда аялдар үчүн курьердик иш: ыңгайлуу форматты тандоо

Жарыяланды: 3 мүнөт окуу

Курьердик иш «эркектердики» жана «аялдардыкы» деп бөлүнбөйт: талаптар, тарифтер жана эрежелер баарына бирдей. Форматты өз жагдайыңызга — графикке, транспортко, үйгө чейинки жолго — жараша тандаган жакшы. Төмөндө — сервистин кайсы эрежелери тынч жана коопсуз иштөөгө жардам берет.

Шарттар жалпы

  • Жаш — 18 жаштан. Жөө, вело- жана мотокурьерлер үчүн чек — 55 жаш, өз унаасы менен жеткирүү үчүн — 65.
  • Документтер — ID карта же чет элдик паспорт, «Түндүк» жана «О!Деньги» тиркемелери.
  • Термосумка — Бишкекте депозит алынбайт, калган үч шаарда ал 750 сом.
  • Төлөмдөр — өткөн апта үчүн бейшемби күндөрү.

Өзүңүзгө ылайык формат

Жөө баштоо эң оңой: эч нерсе сатып алуунун кереги жок. Велосипед тезирээк, бирок чыгаардан мурда текшерүүнү жана сактай турган жерди талап кылат. Яндекс Байк электровелосипединин ижарасы эки шаарда бар — Бишкекте жана Ошто. Унаа жеке болуп, айдоочулук күбөлүк жана техпаспорт болсо ылайыктуу.

Сумканы үйдө кийип көрүңүз: ал түз туруп, ийиниңизди тартпагыдай боолорун тууралаңыз. Биринчи буйрутмага чейин ыңгайлаштыруу бүт смена бою ыңгайсыздыкка чыдагандан оңой.

Өзүңүз башкарган график

Эркин слотту ыңгайлуу учурда, кеминде бир саатка күйгүзүшөт, ал эми учурдагы жеткирүү бүткөндө өчүрүшөт. Пландуу слот — старт чекитине керектүү убакта келүү боюнча макулдашуу, аны күн такыр бош болгондо алышат. Саат канчага чейин иштөө сизге ыңгайлуу экенин алдын ала чечип, акыркы буйрутмага убакыт калтырыңыз: Бишкекте жана Ошто ал каалаган райондон келиши мүмкүн.

Кардар менен жумуш чеги

Сервистин эрежелери эки тарапты тең коргойт. Курьер чакырышса да батирге кирбейт, буйрутмага тиешеси жок сүйлөшүү жүргүзбөйт, жеткиргенден кийин кардарга чалбайт жана жазбайт. Байланыш — тиркеме аркылуу гана жана иш боюнча гана. Жеке суроого «Мен сиздин буйрутмаңыз боюнча келдим» деп жооп берип, берүүнү тынч бүтүрүү жетиштүү.

Берүү стандарты кыска: учурашуу, пакетти берүү, «тамагыңыз таттуу болсун» деп каалоо, коштошуу. Кардардын ыраазы болушуна ушул жетиштүү.

Жагымсыз же тынчсыз болуп калса

  • Талашпаңыз жана актанбаңыз. Буйрутманы берип, кетиңиз.
  • Адам агрессивдүү болсо — дароо коопсуз жерге кетиңиз.
  • Ошол жерден колдоо кызматына жазып, болгон окуяны толук сүрөттөңүз. Сервис кардар менен иштейт, эгер агрессия тастыкталса, анын аккаунтун жабышы мүмкүн.
  • Өмүргө жана ден соолукка коркунуч болсо, дароо милицияга (102) чалыңыз, медициналык жардам керек болсо — тез жардамга (103).

Буйрутма учурунда жабыркасаңыз, бул тууралуу колдоо кызматына жазыңыз: жеткирүүдөгү жаракаттарды камсыздандыруу жабат. Ар кандай кырдаалда өзүңүздү кантип алып жүрүү керектиги жеткирүүдөгү баарлашуу эрежелери тууралуу макалада талдап берилген.

Жеке жашоо — иштен өзүнчө

Жалпы чаттарга жана социалдык тармактарга маршруттарыңызды, графигиңизди жана кардарлардын даректерин жарыялабаңыз. Яндекс Прого кирүү маалыматтарын эч кимге айтпаңыз: аккаунт сизге гана таандык. Караңгыда велосипед менен жүргөндө фараларды өчүрбөңүз жана кийимге жарык чагылдыргыч жамаачыларды кошуңуз.

Көп берилүүчү суроолор

Аялдар үчүн өзгөчө шарттар же чектөөлөр барбы?

Жок, талаптар баарына бирдей: 18 жаштан, жөө, вело- жана мотокурьерлер үчүн 55 жаш, өз унаасы менен жеткирүү үчүн 65 жаш чек. Мындан тышкары документ жана «Түндүк», «О!Деньги» тиркемелери.

Кардар жеке суроолорду берсе эмне кылуу керек?

Бейтарап жооп берип, буйрутманы тапшырып, кетиңиз. Жүрүм-туруму чектен чыкса, Яндекс Продогу колдоо кызматына жазыңыз — сервис карап чыгат.

Күндүз гана иштесе болобу?

Ооба. Катуу график жок: эркин слотту качан ачып, качан жабууну өзүңүз чечесиз.

Толук маалымат

Курьер-өнөктөш болуп иштегиңиз келеби?

Яндекс Go'догу Тамак-аш сервисине катталыңыз — ыңгайлуу убакта иштеңиз.

Курьер болуу

Блогдогу бардык макалалар