Кыргызстанда аял курьерлерди колдоо: юридикалык, психологиялык жана кризистик жардам

Жарыяланды: 1 мүнөт окуу

Бишкек, Ош жана башка шаарларда эркин график жана жакшы киреше үчүн курьердик кесипти тандаган кыздар менен аялдардын саны күн санап өсүүдө. Турмуштук оор кырдаалга кабылган аял курьерлерге жардам берүү максатында Яндекс Go сервиси «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду менен биргеликте социалдык программаны ишке ашырууда.

Программа кандай жардам берет

Катышуучуларга 6 айга чейин ар тараптуу акысыз көмөк көрсөтүлөт:

  • Юридикалык жардам: укуктарды коргоо, жөлөкпулдарды, алименттерди өндүрүү, документтерди калыбына келтирүү;
  • Квалификациялуу психологиялык колдоо: кризистен чыгуу боюнча адистер менен жекече кеңештер;
  • Гуманитардык көмөк: балдар жана үй-бүлө үчүн өзгөчө муктаж болгон учурларда даректүү жардам.

Кимдер катыша алат

Төмөнкү шарттарга жооп берген «Яндекс Go Тамак» жана «Яндекс Доставка» сервисинин аял курьер-өнөктөштөрү кайрыла алышат:

  1. Сервис менен 4 аптадан кем эмес кызматташып, профили активдүү болгондор;
  2. Олуттуу эреже бузуулары жана бөгөттөрү жок иштегендер;
  3. Балдарын жалгыз тарбиялаган же үй-бүлөсүндө майыптыгы бар оорулуу жакын адамы болгондор.

Фонддун түз байланыштары

  • WhatsApp / Телефон: +996 772 398 474;
  • Instagram: @crdl_kg.

Көп берилүүчү суроолор

Программага катышууга кантип кайрылса болот?

Яндекс Про базасындагы атайын анкетаны толтурсаңыз болот же түздөн-түз колдоо чатына кайрылсаңыз болот.

Өтүнүч канча убакта каралат?

Яндекс Go тарабынан текшерүү 5 жумушчу күнгө чейин созулат, андан кийин фонд сиз менен байланышып маалымат тактайт.

Толук маалымат

Курьер-өнөктөш болуп иштегиңиз келеби?

Яндекс Go'догу Тамак-аш сервисине катталыңыз — ыңгайлуу убакта иштеңиз.

Курьер болуу

Блогдогу бардык макалалар